Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 21.09.2018 09:52 На русском

Айыл турмушу: Тоңдук уста А.Кусеков жыгачтан 150 миң сомдук тепкичтерди жасайт (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын 37 жаштагы тургуну Азамат Кусеков устачылык менен алектенет. Ал кардарларына түрдүү тепкичтерди жасап берет. Уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинен бери сүрөттү жакшы тартат.

«Тубаса талант болот турбайбы. Чоң атам, өз атам жана таякелерим жактан дагы кыйын усталар болгон экен. Мага дагы тубаса талант өткөн. Учурда атамдардын ишин улантып келе жатам. Мен үчүн бул чоң жетишкендик. Бардык нерсе колумдан келет десем жаңылышпайм. Өзүмдүн идеям менен жасалган тепкичтерди сатып жатам. Өзгөчө оюусуна көңүл буруп, өзгөчө стиль менен жасайм. Улуттук оюуларды жакшы көрөм, алар абдан кооз көрүнөт», - деди ал.

Азамат Кусеков: «Атам жасаган ээр токум убагында Бельгияга чейин сатылган. Ошондуктан бул ишти калтырбай өркүндөтүп келе жатам. Бир тепкичти толугу менен 15 күндө жасап бүтүрөм. Мен жасагандай тепкичти эч жерден көрө элекмин. Учурда буйрутмалар көп түшүүдө. Тепкичтер көбүнчө кара жыгачтан жасалат. Кээде үйдөгүлөр жасашып, жардам беришет, бирок көбүнчөсүн өзүм жасайм. Мындан сырткары ээр токум, ат жабдык, үй эмеректерин да жасап жатам. Тепкичтерди 80 миң сомдон баштап 150 миң сомго чейин баалайм. Келечекте чоң цех ачып, жигиттерге устачылыкты үйрөтсөм деген оюм бар. Анткени устачылыкты ар бир эркек билсе жакшы болот», - деди.

Уста 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×