Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 20.09.2018 11:27 На русском

Америкага жетелеген кыял: Жалгыз бой эненин уулу Омахада билим алып, Нью-Йорктогу компанияда иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылында туулган Эламан Асылбеков Американын Нью-Йорк шаарында эмгектенип жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Эламан Асылбеков 18 жашында Небраска штатына караштуу Омаха шаарындагы колледжге тапшырып, өзү жалгыз Америка сапар алган.

«Мен Кажы-Сайда төрөлгөнүм менен апамдын жумушуна байланыштуу көп жерде жашап чоңойдум. Кара-Балтада, Бишкек, Балыкчы, Россияда жашап, кийин Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейинен билим алдым. 2012-жылы кудайдын буйругу менен АКШнын Небраска штатына караштуу Омаха шаарындагы колледжге тапшырдым. Бул кичинекей шаар АКШнын борборунда жайгашкан жана билим алууга эң ыңгайлуу жер. Мен аудио-видео монтаждоо кесибин тандап алдым.

Бала кезден камераны кармап, тасма тартканды жакшы көрчүмүн. Бул окууга тапшыруу оор деле болгон жок, бирок виза алуу процесси бир аз көйгөйлүү болду. Бирок кудайым бизге боору ооруду көрүнөт, визаны колго алып, Америкадагы кыялдарыма жөнөдүм. Бирок кыялдар азыркыдай так эмес болчу. Мен ал кезде болгону 18 жашта элем. Америкага бара жатканда океанга кое берилген кичинекей балык сыяктуу болдум. Ал жакта мени эмнелер күтүп турарын түшүнүп-түшүнбөй учуп кеткем. Артка кылчайган да жокмун. Мени Америкадан лицейдеги агаларым тосуп алышты. Эгер сен лицеист болсоң, анда сен автоматтуу түрдө чоң үй-бүлөнүн мүчөсүнө айланасың, сени дүйнөнүн бардык жагынан тосуп алып, жардам беришет.

Кудайга шүгүр, менде ачка калып, аябай кыйналган учурлар болгон жок. Менин бул жактагы студенттик күндөрүм тынч жана жакшы өттү. Өз убагында мага жардам көрсөткөн агаларыма терең ыраазычылык билдирем. Алар Америкага келгенде башынан көп кыйынчылыктарды өткөрүшкөн экен. Андайды мага жеткиришкен жок. Мен алар тажрыйба топтоп калганда бардым да», - деди ал.

Эламан Америкада мыйзам студенттердин иштөөсүнө тыюу саларын айтып берди.

«Бирок көпчүлүк жаштар жашынып иштешет жана жумуш берүүчүлөр мындай учурду пайдаланууну жакшы билишет. Мындан улам студенттер аз акы алып иштешет.

Америкалык жергиликтүү тургундар биздин өлкөнүн бар экенин билишпейт. Көпчүлүгү десек да болот. Алар биздин боордош туугандарыбыз казактарды көбүрөөк билишет. Бирок Чикаго шаарында бизди көбү билип калды. Анткени бул шаарда кыргыздар көп», - деди ал.

Мекендешибиз окууну аяктагандан кийин Лос-Анжелес менен Нью-Йорктогу видеопродакшн-компаниядан жумуш тапкан.

«Бул компаниянын эки кеңсеси бар. Алгач Лос-Анжелесте иштедим, андан кийин Нью-Йорктогу кеңсесине которушту. Мен ал жерде видео тартып, аны монтаждайм. Сүйүктүү кесибиң менен иштеп көп акча тапсаң, жакшы да, туурабы? Жумуш өзү жеңил эмес. Долбоорлор менен иштейбиз. Буйрутмаларын тез бүтүрүүнү каалаган кардарлар да болот. Ал үчүн жакшы акча сунушташат. Мындай учурда күн сайын аз дегенде 15 сааттан иштеп каласың. Айрым учурда кардар жок бош отуруп каласың. Ушул жылы мен автордук долбоорлорду баштадым. Тактап айтканда, Америкада жүргөн кыргыздар жөнүндө документалдуу фильм тартып жатам», - деди ал.

Эламан Асылбеков 1994-жылы төрөлгөн. Эки бир туугандын улуусу.

«Апам бизди жалгыз өстүрүп чоңойтту. Атам менен апам мен 1-2 жашымда ажырашып кетиптир. Менин ийгиликтеримдин баары апамдын күчү менен жаралды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×