Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 19.09.2018 15:45 Жаңыланды: 19.09.2018 17:25

Жубайлар: Жолдошум Форелге көп кыздар ашык болгон, - тоңдук А.Токторбаева (фото)

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Тоң районунун Ак-Сай айылынын тургундары Форель Өмүралиев менен Айнагүл Токторбаева. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

А.Токторбаеванын айтымында, жолдошу аны өзгөчө ысымы менен таң калтырган.

«Мен Тоң районунун Темир-Канат айылында төрөлгөм. Мектепти аяктаган соң Каракол шаарындагы педагогикалык институтта окуп жүрүп, 3-курсумда турмушка чыктым. Жолдошум айдоочу болчу. Каракол шаарына жумуштап барып калып, мени көрүп жактырып калганын айтат. Ал убакта сезимин ачык билдирип, кыз-жигит болуп жетелешип жүрүү деген түшүнүк жок болчу. Биз бири-бирибизди жактырганыбызды көз караштан эле түшүнүп билдик. Ошентип көп өтпөй экөөбүз баш коштук», - дейт ал.

Жолдошу Форель Өмүралиев 1951-жылы төрөлгөн. Көп жыл айдоочу болуп эмгектенген.

«Жолдошум менен жаңы таанышканда атым Форель десе аябай таң калып, бир чети күлкүм келген. Бирок Форель деген ат бекеринен коюлбаса керек, балким жан дүйнөсү суудай таза болсо керек деп ойлогом. Эң кызыгы курбу кыздарыма Форель аттуу жигит менен тааныштым десем, «бизди да тааныштырчы, ал кандай жигит экен» деп таң калышкан. Кээ бирлерин тааныштырып койсом, ага ашык болуп калгандары дагы болгон. Мындай жигитти кайдан таптың деп көбү суктанып жүрүштү.

Жолдошум экөөбүз 1973-жылы баш коштук. Бирге түтүн булатып жашап келе жатканыбызга 45 жыл болду. Жолдошум балдарын эч нерседен кем кылбай бакты. Мен дагы жолдошумдун таап келгенин үнөмдөп пайдаланчумун. Балдарыбызды элден кем кылбай тарбиялап чоңойттук.

Улуу кызым Асел мейманканада администратор болуп иштейт. Экинчи уулум Сагынбек жансакчы болуп иштейт. Үчүнчү уулум Сабырбек милициянын капитаны. Төртүнчү уулум Сапарбек биздин колубузда. Кичүү кызым Асыл учурда Кореяда жашайт. Биздин 13 неберебиз бар», - дейт А.Токторбаева.

Жубайлар айылда дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен алектенишет.

Буга чейин Turmush басылмасы «Өзгөчө ысымдар» рубрикасында Форель Өмүралиев тууралуу жазган. Өзүнүн айтымында, ага Форель деген ысымды атасы Жамаке ыйгарган.

«Апамдын боюнда бар кезинде атам түшүндө форель көргөн экен. Анан ойгонуп, үйдүн жанында аккан суудан чака менен суу алса форель кошо сузулуптур. Аны үйгө алып барып, идишке куюп, кайра барып сузса дагы бир форель сузулуптур. Ал убакта сууда балык көп болчу. Ошентип эркек төрөлсө атын Форель коём деп, атымды Форель койгон экен», - дейт ал.

Анын айтымында, ал тогуз бир тууган жана алардын аттары дагы өзгөчө.

«Бир туугандардын эң улуусу — Тилебалды, бирок бул атын айтсаң эч ким тааныбайт, себеби аны баары Тюлень деп айтышат. Андан кийинки Айымбүбү аттуу эжемди баары Акула деген ысым менен таанышат. Анан мен — Форель, менден кийин Гүлбайра, Айгүл деген карындаштарым, анан Каныбек, Окен аттуу инилерим бар. Окен деген инимди айылдыктар Орёл деп аташат. Андан кийинкилери Кадыр иним, анан Гүлзада карындашым. Кызыктуусу — Тюлень, Акула, Орёл деген ысымдарды эл менин атыма уйкаштырып коюп алышкан экен.

Атымды биринчи уккандар бутумдан башыма чейин бир карап: «Байке чын эле айтып жатасызбы?» деп кайра-кайра сурашат. Айылдагы келиндер мени тергеп «Радужный ава» же «Көлдөгү ава» деп коюшат. Өзүм форель балыгынан уха тамагын жасаганды жакшы көрөм, өзгөчө рецепт менен жасайм», - деди Форель Өмүралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×