Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 18.09.2018 12:31 Жаңыланды: 18.09.2018 13:21 На русском

Фото — Тоңдо легендарлуу чабан Т.Акматовдун 80 жылдыгы белгиленип, анын үй музейи ачылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Сай айылынын Ак-Булуң участкасында мал чарба өндүрүшүнүн новатору, мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРнин мал чарбасына эмгек сиңирген инсан, эки жолку Социалисттик эмгектин баатыры Таштанбек Акматовдун үй музейи ачылды. Бул тууралуу Таштанбек Акматовдун баласы Баатырбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, Т.Акматов 80 жашка чыгып, Арчалы жайлоосунда той уюштурулган.

«Бул мааракеге утурлай Көк-Сай айылынын Ак-Булуң участкасында атабыздын басып өткөн жолу тууралуу үй музейи ачылды жана музейдин алдына анын бюсту орнотулду. Үй музейдин ачылышына жана 80 жылдык мааракесине экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана депутаттар, министрлер жана башка коноктор катышты», - деди Б.Акматов.

Таштанбек Акматов 1938-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган соң Көк-Сай колхозунда койчу болуп, андан кийин А.Скрябин атындагы айыл чарба институтунан билим алган. Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында жүз тубар койдон жүз кырктан козу алуу менен өлкөнүн алдыңкы жана үлгүлүү чабаны болгон. Өлкө эгемендикти алган 1991-жылдан тарта Таштанбек Акматов өзүнүн жеке дыйкан чарбасын түзүп, жүздөгөн асыл тукум малды багуу менен алардын санынан да сапатын өстүргөн.

Т.Акматовго ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылдын 12-мартындагы жарлыгына ылайык «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу менен «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылган.

Президент сыйлыкты тапшырып жатып: «Таштанбек Акматов иштерман адамдын мыкты үлгүсү. Мындай адамдар менен сыймыктануубуз керек. Ал тургай республикабыздын Жогорку Советинин президиумунун төрагасы жогорку кызматында иштеп туруп да, ал өзүнүн чабандык ишине кайтып келди. Таштанбек Акматовдун мээнеткечтиги, эмгекчилдиги ар бир кыргызстандык үчүн үлгү болуп калууга тийиш. Ар бирибиз эмгекке Таштанбек Акматовдой мамиле жасасак, өлкөбүз тез эле бутуна туруп, Кыргызстаныбыз гүлдөгөн өлкөгө айланат.

Акыркы 20 жылда коомубузда кайдыгерлик, мителик күчөп кетти. Коомдо мамлекеттин колун эле карамай илдет тамыр алды. Бир нерсе болсо эле “мамлекет эмнеге жардам бербейт, өкмөт эмнеге көмөктөшпөйт” деп бакылдап, кыйкырып киришет. Биз мамлекет мага эмне кылып берди дебестен, мен мамлекетке эмне кылдым деп сурашыбыз керек», - деп билдирген.

Буга чейин Turmush басылмасы Таштанбек Акматовдун уулу Баатырбек Акматов асыл тукум койлорду жана топоздорду багып, жайкысын туристтерди кабыл алып жаткандыгы тууралуу жазган.

«Ак эмгеги менен бийик даражага жеткен атам Таштанбек Акматовду көпчүлүк тааныйт. Ал социалисттик эмгектин баатыры болгон. Атам өзүнүн тажрыйбасы менен дайыма бөлүшүп келет. Ошол себептен мен атамдын жолун жолдодум.

2013-жылы Россия Федерациясынын Ставрополь өрөөнүндөгү чоң асыл тукум заводдон жүн жана эт багытындагы асыл тукум малдын уруктарын тоңдуруп алып келгенбиз. Илимпоздордун жардамы менен койлорду уруктандырып, мурдагыдан сапаттуу меринос койлорун алып чыктык. Азыр жер-жерлерде меринос коюн багам деген фермерлерге кочкор берип жатам. Мен окумуштуулар менен биргеликте жаңы породаны иштеп чыгып, ошол койлорду багып, өстүрүп жатабыз. Мындан сырткары кыргыз топоздорун, асыл тукум кыргыз тоо мериносун багам. Алардын жүнүнүн ичкелиги эң сапаттуу болуп эсептелет. Эти 25-30 килограммды түзөт. Эгер кой жүндүү болсо, ар бир койдон 4,5-5 кг жүн чыгат.

Учурда 500 кой, 50 кочкор жана 400 топоз бар. Жылына бир жолу кыркылат, ошондо 3 тоннага чукул жүн алам. Аларды Кыргызстандагы кол өнөрчүлөргө сатам, алар мындай жүндөн сапаттуу кийиз, шырдактарды, кийимдерди жана азем белектерди жасашат. Быйыл жүндүн 1 килограммын 200 сомдон саттым», - деген Б.Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×