Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.09.2018 15:41 На русском

Өлүм алдында жазылган кат: РИИБде каза болгон шектүүнүн карындашы агасынын өз жанын кыйганына ишенбейт (фото)

Turmush -  Тоң РИИБдин имаратында асынып каза болгон жарандын карындашы өзүн өзү өлтүрүү фактысы болгондугуна күмөн санап жатат.

Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну Т.Курман агасынын өлүмү тууралуу окуя болгондон кийин бир нече саат өткөн соң билген. Анын айтымында, ал азыркыга чейин агасынын асынып каза болгондугуна ишенбейт.

«Биз үй-бүлөбүздө төрт эркек жана үч кыз болчубуз. Мал уурдоого шектүү делип кармалган агам Тоң районунун Ала-Баш айылында жалгыз жашачу. Буга чейин ал үйгөнгөн болчу, бирок балалуу боло алышпагандыктан аялы менен ажырашып кетишкен. Убагында ал айылдын активисти болчу. Бирок аялы менен ажырашып кеткенден кийин абдан өзгөрдү, өзүн таштап салды. Биз анын кармалганын угуп, эми эмне болот деп ойлонуп жатканбыз. 8-сентябрда саат 17:00гө жакын мага улуу агам чалып, кармалган бир тууганыбыз каза болуп калгандыгын айтты. Биз дароо чогулуп, Төрт-Күл айылындагы ИИБге бардык. Барганыбызда денеси оорукананын өлүкканасында экен. Ал жактан дарыгерлер денесин ачып, өз иштерин жасоого үлгүрүшкөн экен. Мунун баары биздин катышуубуз жана уруксатыбыз жок жасалды. Мен шок абалда болдум. Мени Мирбек аттуу милиционер бөлмөгө киргизип, бир тууганым саат 7-8 чамасында өзүнүн кийимине асынып каза болгондугун айтты.

Алардын нөөмөт бөлүмүндө турган адамдар бар экенин айтып, эмне үчүн андай болгондугун сураганымда, ал саат 07:00 чамасында кароо болгондо баары жайында болгондугун жана анын денеси кийин табылгандыгын билдирди. Мындан улам менде күмөн ой жаралып жатат. Мындай окуянын алдын алууга болбойт беле? Убактылуу кармоочу жайда камералар бар да, экран аркылуу адам эмне кылып жаткандыгы көрүнөт да?», - деди ал.

Курман ошондой эле байкесинен алган кат өз колу менен жазылганын айтып берди.

«Байкемдин кол жазмасын жана үй-бүлөбүздүн ар бир мүчөсүнө кандай мамиле жасаганын билем. Бирок мага ал калем менен кагазды кайдан алганы түшүнүксүз. Анткени милиция кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип жатканда жанындагы буюмдардын бардыгы алына турганын бышыктап жатат. Мунун баары биз мыйзамдуулукту жана акыйкатты күткөн ИИБдин имаратында болгону абдан өкүнүчтүү», - деп кошумчалады.

Өз кезегинде Тоң РИИБдин башчысынын орун басары Мирбек Таабалдиев У.Т. 5-сентябрда кармалып, райондук соттун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

«III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткандыктан кармалган адмадардын бардыгын Караколдогу СИЗОго которгонбуз, биздин убактылуу кармоочу жайда эч ким калган эмес. 5-сентябрда ыкчам маалымат түшүп, У.Т.ны мал уурулук боюнча кармаганбыз. Ал 6 баш уйду Нарын облусунун жана Тоң районунун сырт өрөөнүнө айдап бара жаткан учурда колго түшүрүлгөн болчу. Ал жердеги чек ара бир дарыя менен гана аныкталат. Аны убактылуу кармоочу жайга киргизип, бирок Көчмөндөр оюндары өтүп жаткандыктан Караколго жөнөтө алган жокпуз. Тоң райондук соту 7-сентябрда аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарып, ал убактылуу кармоочу жайда калтырылган. Буга чейин аталган адам мал уурулук боюнча бир нече жолу соттолгон. Ал ушул жылдын 8-сентябрында эртең менен Тоң РИИБдин имаратында өз өмүрүн кыйган. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштерин Ысык-Көл ОИИБдин ички иликтөө кызматы жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгы менен окуянын бардык жагдайы белгилүү болот», - деди ал.

Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Молдобаев Тоң районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайындагы видео байкоо камераларындагы жазуулар техниканын иштебегендигине байланыштуу жок экенин билдирди.

Буга байланыштуу жазууларды алууга мүмкүн болгон жок, облустук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, материалдар УКМКнын Ысык-Көл облустук бөлүмүнө тапшырылды.

Буга чейин Тоң районундагы ички иштер башкармалыгынын имаратында эркек кишинин асылып турган денеси табылгандыгы жана кийинчерээк анын аты-жөнү такталгандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×