Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.09.2018 13:29 На русском

Тоң РИИБде болгон суицид фактысы боюнча милиционерлерге кылмыш иши козголду

Turmush -  Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында болгон суицид фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тоң РИИБдин кызматкерлерине КРнын Кылмыш-жаза кодексини 316-беренесинин 2-бөлүмү («Шалаакылык») жана 304-беренесинин 2-бөлүмү менен («Кызматтык абалынан кыянаттык пайдалануу») беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

«Ушул жылдын 8-сентябрында Ысык-Көл облусунун прокуратурасына Тон районунун ички иштер бөлүмчөсүнүн убактылуу кармоочу жайында, жазык иши боюнча кармалып турган жаран асынып каза болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын кызматкерлери окуя болгон жерге чыгышып, алдын-ала текшерүү аракеттеринин жыйынтыгы менен Тоӊ ИИБдин кызматерлери тарабынан өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин так жана талапка ылайык аткарышпагандыктарынан улам аталган ички иштер бөлүмчөсүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалып турган жаран каза болгондугу аныкталган. Ал эми, көрсөтүлгөн бөлүмчөнүн жооптуу кызматкерлери бул окуяны жаап-жашыруу максатында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышкандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөө жүргүзүү жагы УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө бөлүмчөсүнө тапшырылды. Учурда жазык иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Тоң районундагы ички иштер башкармалыгынын имаратында эркек кишинин асылып турган денеси табылгандыгы жана кийинчерээк анын аты-жөнү такталгандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×