Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.09.2018 10:00

Бөкөнбаев айылынын эли ички маршруттук каттамдын токтоп калышына нааразы (фото, видео)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында №101, 102, 103 маршруттук каттам ачылып, бир жума иштеп токтоп калгандыгына жергиликтүү тургундар нааразы болушууда.

Айыл тургуну Гүлжан Осмоеванын айтымында, маршруттук каттам ачылып, жакшы шарт түзүлгөн.

«Мен айылдагы 16-кварталдын башчысымын. Бизге маршруттук каттам ачылган кезде коомдук унаа менен жүрүп калганбыз, себеби Бөкөнбаев чоң айыл. Бир башынан, экинчи башына барыш кыйын. Окуучу балдарыбыздын мектептен алыс жашагандары кыйналат. Ар дайым такси менен жүргөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Маршурттук каттам эмне себептен токтоп калганын билбейбиз. Ошондуктан жергиликтүү тургундарга маршруттук каттам кыйла арзан жана жеңил болмок. Биз маршруттук каттамды кайра киргизүүнү өтүнөбүз», - деди ал.

Маршурттук каттамды ачкан Бөкөнбаев айылынын тургуну Канатбек уулу Эрландын айтымында, коомдук транспорт 9 күн эле кызмат кылды.

«Маршурттук каттам 2018-жылдын 19-мартында ачылып, 9 эле күн айыл ичинде кызмат кылды. Транспорт жана жолдор министрлигинин облустагы өкүлчүлүгүнөн баардык документтерди алып анан баштаганбыз.

9 күн маршурттук каттам жүргөндөн кийин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери маршруттук каттамдын айдоочуларына 5000 миң сомдон айып пул салды жана ошо менен Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан дагы жүрүүгө тыюу салынды. Себебин алар аялдаманын жоктугу менен түшүндүрүштү. Жобо боюнча стандарттык аялдама болушу керек экен. Анан Күн-Чыгыш айыл өкмөтү болсо бул жылдын бюджети бекип калгандыктан аялдама курууга каражат жок экенин айтышты. Бирок ошого карабастан аялдамалардын ордун атайын белгилеп, жол белгилер орнотуп беришти. Негизи маршурттук каттам элге керек эле, себеби Бөкөнбаев айылында 14 миңден ашуун калк жашайт. Тургундар ары-бери жүргөндө кыйналышат. Дайыма эле таксиге акчалары боло бербейт. Ошондуктан маршурттук каттам качан жүрөт деп, кайрылгандар көп болууда. Биз деле элге кызмат кылсак дейбиз», - деди ал.

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Турганбаев маршруттук каттам боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Биз «Ак-Барс Групп» деген маршруттук каттамдын жетекчиси менен жол белгилер, аялдамаларды коюп беребиз, калган чыгымдарын өзүңөр каржылайсыңар деп келишим түзүп, маршурттук каттам жүрө баштаган. Эл аябай жакшы кабыл алган. Биз атайын мониторинг жүргүзүп жаттык күндө. Эми күн сайын маршрутка качан, кайсы убакта кандай жүрөт деп сурагандар арбыды, кээ бирлери өз сунуштарын да айтып жатышат. Быйылкы бюджет бекип калгандыктан аялдаманын ордуна чөнтөкчөлөрдү орнотуп бердик. Биз кийинки жылдын бюджети бекитилгенде аялдама салууну сунуштайбыз.

Кээ бир шаарларда аялдамасы жок эле маршруттук каттам жүргөнүн көрүп жатабыз. Чындыгында бул элдин муктаждыгы эле. Ошентип маршруттук каттам токтоду. Эл окуу жылы башталды маршурттук каттам качан жүрөт деп бизден сурап жатышат. Эми жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жана Транспорт министрлиги уруксат берсе эле кайра жүрүп баштайт эле», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×