Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 16.09.2018 17:12 На русском

Тоңдун сырт өрөөнүндө кар жаады (видео)

Turmush -  Тоң районунун Арчалы сырт өрөөнүндө кар жаады. Кардын калыңдыгы 10 сантиметрге жеткенин жашоочулар билдиришти.

Арчалы өрөөнү райондун борборунан 280 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Буга чейин Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө кар жааган. Жашоочулардын айтымында, кардын калыңдыгы 20-25 сантиметрге жетет. Кардын алдында талаадагы картошкалар калып, жашоочулар чөп жыйноого жетишпей калышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×