Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 11.09.2018 18:13 На русском

Тоң РИИБде асылган дене: 2 күн мурун камалган шектүүнүн өлүм алдындагы каты

Turmush -  Тоң РИИБдин имаратында асылып турган жерден табылган адамдын аты-жөнү такталды. Тоң РИИБдин расмий маалыматы боюнча, ал окуядан 2 күн мурун мал уурулукка шектелип убактылуу камакка алынган болчу.

2018-жылдын 1-сентябрында Тоӊ РИИБге арыз менен жергиликтүү тургун — 1977-жылкы туулган Ш.Б. (эркек киши) кайрылган. Ал арызында 2018-жылдын 30-августунда Сырт өрөөнүнүн Кара-Саз жайлоосунан бир баш кунаажынын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Бул факты каттоого алынып, 5-сентябрда уурулук боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын эртеси — 6-сентябрда Тоӊ РИИБдин тергөөчүсү тарабынан бул кылмышка шектүү катары Тоӊ районунун 1954-жылы туулган тургуну У.Т. (эркек киши) кармалып, ага КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 165-берененин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде айыбы угузулган. Ал эми Тоӊ райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, Каракол шаарындагы убактылуу абакка 2 айга, тактап айтканда 6-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Расмий маалыматта: «Анын эртеси — 8-сентябрь күнү Тоӊ РИИБдеги нөөмөтчү У.Т. камерада асылып турганын көрүп, тиешелүү органдарга билдирген. Тоӊ РИИБдин ыкчам тобу камерадагы эки кабаттуу керебеттин аягына үстүндөгү спорттук кийиминин сыдырмасына асылып калган шектүүнүн жансыз денесин табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүү учурунда көк ала жана башка тактар байкалган жок. Ошондой эле кароо жүргүзүү учурунда кийип жүргөн костюмунун оң чөнтөгүнөн ак баракка жазылган кат табылган», - деп айтылат.

Маркумдун чөнтөгүнөн табылган барактын эки бетине жазылган кат өзгөртүүсүз жарыяланат (адамдардын ысымы өзгөртүлдү):

«Бултушкам! Кагылайын! Таалай (ысымы өзгөртүлдү) экөөӊ ынтымакта, эӊ биринчи ден соолукта болгула, балдардын убай-урматын көргүлө. Байкеме айткыла, эгер кылган жаманчылыгым болсо кечирсин. Эмне болсом карааны эмес белем. Сороюп жалгыз калды. Кыйналбасын, уй эмес, жылкы союп куран окутсун. Сөөгүмдү атамдын үйүнөн чыгаргыла. Бултушкам! Таалай (ысымы өзгөртүлдү) экөөӊ аягына чейин туруп бергиле, арбагым ыраазы болсун. Үйдү өзүӊ иреттеп ал. Документтер мен айткан жерде. Жээндердин бетинен өөп койгун. Кадырдын (ысымы өзгөртүлдү) канкор катынына кабар айтпай эле койгула. Суранарым, милициялардан көрбөгүлө. Жакшылыгынан башка жамандык көргөнүм жок. Кош болгула боорлошторум… Касиет (ысымы өзгөртүлдү) жеӊе салам. Жакшыраак кызмат кылсын. Кураныӊарды үзбөй жүргүлө».

Барактын экинчи бетиндеги жазуу: «3 гектар жер Жылдыз Үсөндүн (ысымдары өзгөртүлдү) баласына. Ал 5 миӊ бересе болчу, Мирбекке (ысымы өзгөртүлдү) бердим деди эле, сурагыла. Талгардын Асанында (ысымдары өзгөртүлдү) 1 машина чөптүн акчасы бар, 500 сом берген, 1500 бересе. Кош болгула алтындарым. Мени кечирип койгула. Жакшылыгым гана эсиӊерде калсын. Силерди ыйлатпайын дечү элем. Ага жетпей калдым. Кош болгула, узак өмүр сүргүлө. Таштан, Калыстар (ысымдары өзгөртүлдү) кечирип койсун. Арманым байкеме топурак салбай калганым. Боорукер агаӊар Т... Аманатымды аткарып койгула. Өз кылганыма өзүм өкүнүп, ыйлап өтүп баратам. Кош болгула».

Шектүүнүн асылып каза болушу боюнча Тоң РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×