Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 10.09.2018 14:12 Жаңыланды: 29.11.2018 10:22

«Мекендештер»: Ысык-көлдүк Эржан Москвада жумушка орношууда детектор лжиден өткөн (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 20 жашатагы Эржан Эсенаманов. Ал Тоң районунун Туура-Суу айылында туулган. Учурда Москва шаарындагы «Космик - Белая Дача» соода борборунда универсал ашпозчу болуп иштейт. Мекендешибиз менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Бишкек шаарындагы №91 лицейин аяктап, 3- разряддагы дипломдун ээси болгон.

«Төрт айдан бери универсал ашпозчу болуп иштеп жатам. Бул жакка кесибим боюнча тажрыйба топтоо үчүн келдим. Маянасы жакшы болгону менен жашоо кымбат.

Менюда өзүм ойлоп чыгарган эки тамак жана үч соус бар, эми өзүмө таандык торт чыгарганга аракет кылам. Мен жасаган тамактар кээ бирине жакса, кээ бирине жакпайт. Анткени ар бир адамдын табити ар кандай да. Мен жасаган тамактарды жактырып жеген кардарлар да жок эмес», - жейт жаш ашпозчу.

Ал иш учурунда болгон кызыктуу окуясы менен бөлүштү.

«Жумушка кирерде башкы ашпозчу менен маектешүүдөн өттүм. Ал мени катталуудан өтүп кел деп башка кеңсеге жиберди. Ал кеңсеге барсам калп тапкыч (детектор лжи) аппараты менен текшеришти. Колума бир нерселерди чаптай баштаганда, ал эмне экенин сурасам, баарын түшүндүрүштү. Тасмалардан көрүп жүргөн аппараттар жашоодо деле бар турбайбы десем, текшерип жаткан аял абдан күлгөн», - деди Эржан Эсенаманов.

Үч бир туугандын ортончусу келечекте жеке ресторанын ачууну кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×