Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 30.08.2018 16:12

Көчмөндөр оюндары: Тоң району Кырчын жайлоосуна 9 боз үй тикти (сүрөт)

Turmush -  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кырчын жайлоосунда даярдык кызуу жүрүүдө. Анда Тоң району этношаарчага 9 боз үй тигип жатканын райондук администрациядан билдиришти.

Тоң району 9 боз үйдүн ичинде меймандарга улуттук тамак-аштарды, улуттук буюмдарды көрсөтөт. Мындан сырткары Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган ылдамдыкта боз үй тигүү, чий согуу, тал арчуу өңдүү сынактарга да катышат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш иш-чарасы Чолпон-Ата шаарында 2-сентябрда өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×