Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуТоң району 29.08.2018 15:45

Боом капчыгайында тоонун бооруна тартылган желекти жаңылашты (сүрөт)

Turmush -  Боом капчыгайындагы тоонун бетине тартылган мамлекеттик туу жаңыланды. Бул демилгени Тоң мамлекеттик администрациясы жана Көк-Мойнок айыл аймагы колго алганын аймактык кабарчы билдирди.

Желекти жаңылоо иштерине Ысык-Көл облусунун архитекторлору да катышты. Желек 2 күндө боёлуп, 30 тургун, архитекторлор жана Көк-Мойнок айыл аймагынын кызматкерлери тартылды.

Мамлекеттик туу жайгашкан аймак 32 сотыхты түзөт. Ал 2012-жылдан бери жаңыртылган эмес. Желекти жаңылоо иштерине демөөрчүлөр тарабынан 200 миң сом бөлүнгөн.

Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы Майрамкүл Кыдыралиева: «Боом капчыгайындагы тоонун бетинде жайгашкан желекти актап-сырдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Бул иш III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата аткарылды», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×