Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 29.08.2018 10:10

Тоңдо Жумаш Эшперовдун айкели орнотулду (фото)

Turmush -  Тоң районунун Эшперов айылында эмгек сиңирген айыл чарба кызматкери Жумаш Эшперовдун 80 жылдыгына карата анын айкели орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жумаш Эшперов атындагы маданий спорт сарайдын алдына орнотулган айкелдин ачылыш аземине Ж.Эшперовдун кесиптештери, айылдаштары жана туугандары катышып, анын эмгектерин эскеришти. Анда белгилүү журналист Б.Сутенованын Ж.Эшперов жөнүндө тарткан даректүү тасмасы да көрсөтүлдү.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Т.Жангорозовдун «Жумаш Эшперов. Даректүү баян. Эскерүүлөр» аттуу китебинин бет ачары болуп, футбол боюнча турнир өткөрүлдү.

Ж.Эшперов (1938-2003) — эмгек сиңирген айыл чарба кызматкери, 1991-1994-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×