Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 28.08.2018 12:37

Тоңдун Көк-Сай айылындагы мектепке 25 компьютер алынды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Көк-Сай айылынын Жума Жамгырчиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебине 25 компьютер алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, компьютерлер эл аралык коммерциялык эмес уюм тарабынан 12 миң долларга алынган.

Мындан сырткары ата-энелердин камкордук кеңеши аркылуу 22 миң сомго компьютердик класс оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле элдин кошкон 85 миң сом акчалай жардамына интернет чубалгысы тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×