Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 25.08.2018 15:23

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк жаш окумуштуу Т.Муканов суу ресурстарын бөлүштүүгө жол берген долбоор иштеп чыкты (фото)

Turmush -  Тоң районунун Ак-Сай айылында «Каналдан шар аккан суунун агымын тынчытып таратуучу курулма турукташтыргыч» долбоорунун бет ачары болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул иш-чарага Кыргыз патенттин стат-катчысы, облустук, райондук бийликтин өкүлдөрү жана жергиликтүүлөр катышты.

Долбоордун автору Тынчтык Мукановдун айтымында, долбоор 3-4 жыл мурун иштелип баштаган. Ал сынактан өткөн соң, аны ишке ашырууга Кыргыз патент 491 миң сом бөлүп берген.

Ушул жылдын апрель айында бул курулма турукташтыргыч толук каналга орнотулуп, ишке киргизилген. 3 ай сыноо мезгилинен ийгиликттү өттү. Бул курулуштун негизги максаты шар аккан суунун агымын бөлүп алып, сугат жерлерге оңой жеткирүү жана сууну үнөмдүү пайдаланууга шарт түзүү.

«Бул долбоор 2012-жылдан бери илимий ишим катары кабыл алып, ошондон бери жазып келе жатам. Ошол жазылган эмгектердин жыйынтыгы бүгүн каналга коюлуп мындан мурун лабораториялык сыноодон өттү. Ар кандай эксперттердин сынынан өтүп, каржылык колдоо таап, учурда иштеп жатат.

Бул долбоорду жазганымдын себеби Кыргызстан 90% тоолуу өлкө деп саналат. Кыргызстанда бардык суулар тоо этектеринде жайгашкан. Мөңгүлөрдөн түшөт. Ал сууларда чоң шаар аккан кысым пайда болот. Ошну туура нукка бөлүп, бизге керектүү объёмдо колдонууга ушул долбоорду сунуштаганбыз.

Учурда Ак-Сай айылында 400 түтүн эл болсо, ошолордун 150 гектар жерине ушул долбоор аркылуу сугат суу жетти. Бул жерде өрүк, алма, буудай, малга тоют бардыгы ушул суу аркылуу сугарылат.

Бул долбоор 2018-жылдын апрель айынан баштап иштеп жатат. Бул долбоордун келечеги чоң. Биринчиден Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан шаар аккан сууларды жасалма каналдар аркылуу айдоо аймактарына жеткирилет. Жасалма каналдардын суу бөлө турган жерлерине ушуну койсок, суу көзөмөлү жок агып кетпейт.

Эл аралык эксперттер айтып кеткендей Кыргызстанда суунун жоктугу эмес, аны бөлүштүрүү чоң көйгөй. Ушул маселени чечүү максатында ушул долбоорду ойлоп тапканбыз. Бул идея 2015-жылы Кыргыз патенттен колдоо таап, долбоор эл аралык деңгээлге көтөрүлүп, Европа мамлекеттеринде, Германия, Россия, Казакстандагы илимий журналдарга жарыяланды. Учурда ушул илимдин жыйынтыгы иштеп баштады», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×