Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 24.08.2018 15:16

Тоңдун Ала-Баш айылындагы суу топтоочу курулма 386 миң сомго оңдолду (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Ала-Баш айылындагы резервуар оңдоодон өткөрүлүп, колдонууга берилди. Бул тууралуу Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Боталаев билдирди.

Анын айтымында, суу топтоочу курулма 386 миң сомго оңдолгон.

«Бул резервуар тешилип калып, суу топтолбой жерге сиңип кетчү. Ал 386 миң сомго оңдоодон өткөрүлүп, жаңы насос коюлду. Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев, район акими Таалайбек Ажиев жана жергиликтүү тургундар катышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×