Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 23.08.2018 09:20 Жаңыланды: 23.08.2018 19:27 На русском

Өзгөчө ысымдар: Ысык-көлдүк Форель Өмүралиев Тюлень, Акула, Орёл аттуу бир туугандары тууралуу айтып берди (фото)

Turmush -  «Өзгөчө ысымдар» рубрикасынын кезектеги каарманы — 67 жаштагы Форель Өмүралиев. Ал Тоң районунун Ак-Сай айылында жашайт. Орто билимдүү, пенсияга чыкканга чейин айдоочу болуп эмгектенген.

Өзүнүн айтымында, ага Форель деген ысымды атасы Жамаке ыйгарган.

«Апамдын боюнда бар кезинде атам түшүндө форель көргөн экен. Анан ойгонуп, үйдүн жанында аккан суудан чака менен суу алса форель кошо сузулуптур. Аны үйгө алып барып, идишке куюп, кайра барып сузса дагы бир форель сузулуптур. Ал убакта сууда балык көп болчу. Ошентип эркек төрөлсө атын Форель коём деп, атымды Форель койгон экен», - дейт ал.

Анын айтымында, ал тогуз бир тууган жана алардын аттары дагы өзгөчө.

«Бир туугандардын эң улуусу — Тилебалды, бирок бул атын айтсаң эч ким тааныбайт, себеби аны баары Тюлень деп айтышат. Андан кийинки Айымбүбү аттуу эжемди баары Акула деген ысым менен таанышат. Анан мен — Форель, менден кийин Гүлбайра, Айгүл деген карындаштарым, анан Каныбек, Окен аттуу инилерим бар. Окен деген инимди айылдыктар Орёл деп аташат. Андан кийинкилери Кадыр иним, анан Гүлзада карындашым. Кызыктуусу — Тюлень, Акула, Орёл деген ысымдарды эл менин атыма уйкаштырып коюп алышкан экен.

Атымды биринчи уккандар бутумдан башыма чейин бир карап: «Байке чын эле айтып жатасызбы?» деп кайра-кайра сурашат. Айылдагы келиндер мени тергеп «Радужный ава» же «Көлдөгү ава» деп коюшат. Өзүм форель балыгынан уха тамагын жасаганды жакшы көрөм, өзгөчө рецепт менен жасайм», - деди Форель Өмүралиев.

Форель Өмүралиев жубайы Айнагүл Токторбаева менен эки кыз, үч уулдуу болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×