Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 20.08.2018 10:10

Көлдүн жээгине чейин кирген көчмө мончо унаанын ээсине айып салынды

Turmush -  Тоң районунда көчмө мончо унаасы менен көлдүн жээгине чейин кирип алып, туристтерге кызмат көрсөткөн унаанын ээсине административдик айып пул салынды. Бул тууралуу Экотехинспекциянын аймактык бөлүмүнүн ага инспектору Тажиев Муратбек билдирди.

Анын айтымында, айып салынгандан тышкары эскертүү дагы берилди.

«Тоң районунун Үч-Чуңкур пляжында көчмө мончо унаасы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен биргеликте иш алып бардык. Эс алууга келген туристтерди мончого анан кийин көлгө түшүрүп жаткан унаанын ээси К.Б.га административдик протокол түзүлүп, 500 сом айып пул салынды жана эскертүү берилди», - деди ал.

Ал эми Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришкендей, көчмө мончо унаасы атайын унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Буга чейин ичине мончо жана буукана салынган унаа көлдүн жээгине чейин кирип алганына жергиликтүү тургундар нааразы болуп жатканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×