Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 19.08.2018 12:39

Видео: Селден кийин Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол жолу 1 саатка жабылды

Turmush -  Тоң районунун аймагында катуу жаандан кийин сел жүрдү. Аймактык кабарчы күбөлөргө шилтеме берип билдиргендей, кечээ, 18-августта саат 14:20 чамасында Балыкчы— Бөкөнбаев—Каракол унаа жолундагы «Бустон» пансионатынын тушундагы тоодон агып келген сел чоң жолду каптаган. Анын кесепетинен автоунаалар өтө албай, тыгын жаралды. Адамдар жабыркаган жок.

Жолдогу жүргүнчүлөр тазалоо иштери аяктагыча 1,5 саатка жакын убакыт күтүп турушкан.

Ал эми Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматы боюнча, саат 14:30 чамасында БалыкчыБөкөнбаевКаракол жолунун 102-чакырымында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, автоунаалар өтө албай калган. Ал жерге 4 авариялык куткаруучу автоунаа жана бир грейдер барып, жолду тазалашты. Саат 15:20да жол толугу менен ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×