Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 14.08.2018 14:20

Көчмө мончо унаасы көлдүн жээгине чейин кирип алды, - тургундар (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда ичине мончо жана буукана салынган унаа көлдүн жээгине чейин кирип алганына жергиликтүү тургундар нааразы болууда.

Алардын айтымдарында, райондун Үч-Үңкүр пляжына көчмө мончо унаасы кирип, мончодон чыккан адамдар дароо көлгө секирип жатышат.

«Унааны көлдүн жээгине киргизүүгө болбой турганын ээсине айтсак, бизди укпай койду. Көлгө түшүп жаткандар да барып айтышты, бирок уккан жок. Экотехинспекция буга көңүл буруп койсо жакшы болмок», - дешти жергиликтүүлөр.

Буга чейин Ысык-Көл районунда 11 пансионаттын көл жээгиндеги мончолору жабылганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×