Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 14.08.2018 12:47

Тоңдун Болот Мамбетов айыл аймагына 18 миң долларга сүт ташуучу унаа алынды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагына сүт ташуучу унаа алынды. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Иличбек Көөкөров билдирди.

Анын айтымында, унаа чет элдик уюм тарабынан каржыланып, жалпы 18 миң АКШ долларга алынды.

«Сүт ташуучу унаа быйыл биздин айылдын эле эмес, коңшу айылдардагы элдин сүтүн Кызыл- Сууда жайгашкан сүттү кайра иштетүүчү заводго ташыйт. Ал эми кийинки жылдардан баштап өзүбүз завод куралы деген планыбыз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×