Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 08.08.2018 11:16

Айыл турмушу: 21 жаштагы Жаңыл ийне-жип колдонулбаган этно-стилдеги саркеч кийимдерди тигет (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу айылынын 21 жаштагы тургуну Жаңыл Абдылдаева жаш кезинен бери кыялданып келген кесиби менен алектенип жатат. Ал жүн менен жибекти айкалыштырып, элечек, кыял, ит куйрук, кочкор мүйүз сыяктуу оймолор жана саймалуу таштын чиймелеринин элестерин берип турган кийимдерди жасайт. Аймактык кабарчы жаш дизайнер менен таанышты.

Жаңыл 1997-жылы Туура-Суу айылында төрөлгөн. Айылдагы орто мектепе 1-классты аяктаган соң, окууну Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылындагы орто мектепте уланткан. Балалык кези жалаң уз-чебер апасы менен таежесинин жанында өткөн.

Мектепти ийгиликтүү окуп, акыркы 10-11-классты Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы лицейден аяктаган. Андан соң, 2015-жылы ошол эле университеттин технология факультетинин жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциясы бөлүмүнө тапшырган. Учурда окуусун улантып, кол өнөрчүлүгүн жандандырып келет.

«Атам Жумабек Абдылдаев 1968-жылы туулган, кесиби боюнча архитектор. Ал эми апам Анара Мамбетова 1969-жылы туулган, кесиби боюнча мугалим. Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын. Нурайым, Гүлайым атуу эжелерим жана Актан, Дастан аттуу эки иним бар. Мен 2-классымдан бери бул ишке аралашып жүрөм десем болот. Апам, таежемдерге жардам берип, үйрөнүп жүрө берип, ушул курагымда эң таза жана пайдалуу материалдар болгон жүн жана жибекти айкалыштыруунун көптөгөн сырларын үйрөндүм. Бул чөйрөдөн алыс кетпей, аны өнүктүрүп, өстүрүүгө аракет кылып келем», - деди Ж.Абдылдаева.

Жаңылдын кол өнөрчүлүк жаатында эң биринчи чоң эмгеги 2016-жылы болуп өткөн ll Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Nomadfest-2016» сынагына катышып, биринчи орундун ээси болгон. Сынакта «Дастан» деп аталган туңгуч кийимдер топтомун калыстар тобунун назарына коюп, кийин Чолпон-Ата шаарында көргөзүлгөн. Бул кийимдер топтому менен көптөгөн сынактарга, көргөзмөлөргө катышты. Акыркы жолу ушул жылдын 21-22-июлунда Түркия мамлекетинде болуп өткөн «TÜRK DÜNYASI ATA SPORLARI ŞENLİĞİ» фестивалында көрсөтүлгөн. Андан сырткары «Адеми» кийимдер топтому КМТУда жылда уюштурулуучу сынакка карата жасалып, жеңишке жеткен жана Казакстан Республикасынын Алмата шаарында өткөн «Creative World-2016» сынагында биринчиликке татыган. Акыркы эмгектери коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын сунушунун негизинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып даярдалган «Кылым каарыткан күн» аттуу кийимдер топтому жарык көрүп, учурда ар кыл көргөзмө, фестивалдарга катышып келет.

«Кийимдин дизайнын иштеп чыгууда кыйынчылыктар болот. Кээ бир учурларда аз убакыт ичинде көп эмгек кылууга туура келет. Учурда окуумду да улантуу менен алекмин. Ата-энем, бир туугандарым колдоп, көп жетишкендикке жетип келем.

Жумуш колдонулуучу материалдарды аппак бойдон алып келип, аларды боёп, кургатуудан башталат. Жүн биздин эле койлордун жүнү, Токмок шаарында иштетилип, тазаланганы алынып келет. Ал эми жибекти Өзбекстандан алсак, боёкторду Түркиядан алып келебиз. Бул буюмдарды жасоодо эң биринчиден талыкпас эмгек жана дыкаттык талап кылынат. Ийне жана жип колдонулбай туюк болуп жасалган кийим-кече, буюм-тайымдар кыргызга тиешелүү оюм-чийимдер менен кооздолот. Ошондой эле, көбүн эсе этно-стилде жана заманбап болуп жасалат», - деди ал.

Жаңыл келечекте өздүк этно кийим брендин түзүүнү кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×