Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 07.08.2018 16:49

Бука челмей, эр оодарыш: Тоңдо малчылардын майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Тоң районунун Ийри-Суу жайлоосунда 4-августта малчылардын майрамы өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, майрамдык иш-чара «Айкөл ааламы» деп аталып, ага бир катар меймандар келишти. Ал эми жергиликтүү өнөрпоздор концерттик программа тартуулашты. Иш-чаранын жүрүшүндө малчыларга жергиликтүү бийликтин ардак грамотасы, баалуу белектери да тапшырылган.

Мындан тышкары, аламан байге, жорго салыш, кунан чабыш өңдүү ат оюндары уюштурулуп, балбан билек жигиттер үчүн аркан тартыш, бука челмей, эр оодарыш оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×