Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 06.08.2018 16:01

Айыл турмушу: Тоңдун тургуну талкандан печенье жасап, сатыкка чыгарды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну Элнур Урманбетова жетектеген кондитердик цехте талкандан печенье жасалууда. Аймактык кабарчы элеттик ишкер менен таанышты.

Э.Урманбетованын айтымында, учурда талкандан жасалган печеньеге суроо-талап көбөйүүдө.

«Талкандан жасалган печенье витаминдерге, микроэлементерге бай. Анын курамындагы Е витамини организмдеги клеткаларды коргойт, терини жашартат, тырмак, чачты жакшы сактайт, алардын өсүшүнө шарт түзөт. Кант оорусу бар адамдарга пайдалуу азык, организмдеги туздарды, холестеринди азайтат.

Учурда мындай печеньеге суроо-талап көбөйгөндүктөн алар Каракол шаарында жана облустун башка райондорундагы дүкөндөрдө «Ысык-Көлдүн бренди» үлгүсү менен сатылууда», - дейт Э.Урманбетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×