Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 26.08.2018 11:00

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Д.Абдраева кирешелүү бизнес түптөөнүн сыры менен бөлүштү (фото, видео)

Turmush -  Тоң районунун Ак-Өлөң айылынын 51 жаштагы тургуну Динара Абдраева күнөсканада бадыраң өстүрүп, 6 тонна түшүм алат. Аймактык кабарчы элеттик дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал К.Тыныстанов атындагы ИМУнун табигый-географиялык факультетин бүтүргөн.

«Күнөскана иштетип жатканыбызга 4 жыл болду. Бул ишти баштоо идеясы жолдошума таандык. Ал буга чейин ЖАМКта иштеген. Түрмөдө отургандар өздөрүнүн тамак-ашына деп күнөскана иштетишет экен. Камактагылар күнөскананы иштетип жатышкандан кийин, эркин жүрүп бул иш биздин колубуздан кантип келбесин деп калды. Күнөскана курууну 10 жылдан бери пландап жүргөнбүз, бирок шаарда тургандыктан мүмкүнчүлүк жок болчу. Айылга келерибиз менен ишти баштап кеттик.

Аны иштетүүнүн сырларын интернеттен жана атайын китептерден окуп үйрөндүк. Бул кичинекей 3 сотых жерге күнөскана курууга 300 миң сомдой кетти. Ага жыгач, вентилятор, радиатор, кабель алдык, электр энергиясын киргиздик, бирок пленкасы кымбат турат экен. Биринчи 2-3 жыл жалаң гана бадыраң отургузганбыз, бир сезондо 5-6 тоннага чейин түшүм алдык.

Биринчи баштаганда 10 кг менен баштаганбыз. Кийин түшүм жакшы болуп, көбөйө баштады. Ушул 3 сотыхтан күнүнө 100 кг бадыраң алып жаттык. 1 килограммы орточо 60-70 сомдон. Биз отургузган бадыраң 4-5 ай түшүм берет. Бадыраңдан сырткары чамгыр, ашкөк, сүйрү ашкабак, помидор айдайбыз. Ошондой эле, быйыл биринчи жолу дарбыз отургуздук. Ушул иштин баарын жолдошум экөөбүз жасайбыз. Жакында эле айыл өкмөттөн 5-10 гектар жер бөлүп беришти. Ошол жерге күнөскана шаарчасын куралы деп пландап жатабыз», - деди ал.

Д.Абдраева төрт уул, бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×