Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 14.10.2018 12:59

Жеңеке: Тоңдук Бермет жоголгон паспортун издеп жүрүп, болочок жолдошун жолуктурган (фото)

Turmush -  Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын 26 жаштагы тургуну Сыртбай кызы Бермет өзүнүн айылдашына турмушка чыгып, кайын журтунун үлгүлүү келини болууга жетишти. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мугалимдердин үй-бүлөсүнө келин болуп, учурда өзү дагы мугалим болуп иштеп жатат.

«Мен мектепти бүткөндөн кийин БГУнун журналистика факультетинде 2 жыл окудум. 21 жашымда турмушка чыккандан кийин Ысык-Көл мамлекеттик университетинин башталгыч класстардын методикасы жана педагогикасы факультетинде окудум. Аны 2016-жылы аяктап, дипломго ээ болдум. Жолдошум экөөбүз бир айылдан болобуз.

1-курсту бүтүп, жайкы эс алууга айылга келгем. Балыкчы шаарына барып, базар кыдырып жүрүп, паспортумду түшүрүп алыптырмын. Үйгө келип паспортумду таппай, кайра Балыкчы шаарына издеп бардым. Ага чейин базар кыдырып жүргөндө бейтааныш аял: «сен Берметсиңби?», деп сураганынан «ооба» деп жооп берсем, «эртең кел» деп койгон. Мен таң калып кетип калгам. Эртеси базарга барсам паспортумду таап алган экен. Ал күнү айылга кеткичекти кеч болуп кетти. Унаалар убактысы менен гана каттачу эле. Ошол жерден Маратты (жолдошу) көрүп калып, мени кошо ала кетишин өтүндүм. Ошентип экөөбүз жакындан таанышып, кийин телефон аркылуу байланышып жүрдүк. Кийинчерээк кыргыздын салты менен куда түшүп келишип, экөөбүз баш кошконбуз.

Жолдошум Марат Арпачиев 1986-жылы Тоң районунун Коңур-Өлөң айылында туулган, атасы жана апасы мугалим болуп болуп иштешкен. Жолдошум учурда айдоочу, мен мугалим болуп иштейм. Экөөбүз 1 уул, 1 кыздуу болдук», - деди ал.

Ошондой эле ал жаңы келин болуп келгендеги кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Бир жолу жеңем Бишкек шаарындагы бир даректи сурап жатып: «Медербековада беле?» деп сураса, мен дагы «ооба, Медербековада» деп айтып алдым. Кайнагам дагы жаныбызда отурган, экөө тең мени карап калышты. Кайнагамдын аты Медербек экенин унутуп калып, тергебей айтып алганыма ыңгайсыз абалда болгом.

Бош убактымда кол өнөрчүлүк менен алектенем, жаздыкчаларды түйөм», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×