Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Бөкөнбаев айылында мектептин ашканасы оңдолду (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын Ж.Алтымышбаев атындагы орто мектебинин ашканасы оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Туйгун Ордобаев билдирди.

Анын айтымында, учурда балдар жаңы ашканада тамак ичүүдө.

«Бүгүнкү күндө башталгыч класстардын 355 окуучусу тамак ичишет. Ар бир балага мамлекет тарабынан 10 сом каралган. Кошумча эл аралык уюм тарабынан гуманитардык жардам катары күрүч, ун, тамак-аш майы, буурчак сыяктуу азык-түлүктөр берилет», - деди ал.

Аталган уюмдун колдоосу менен ашкана 320 миң сомго оңдолгон. Мындан сырткары, ашканага керектүү эмеректерди алууга аталган уюм, ата-энелер жана Күн-Чыгыш айыл өкмөтү көмөк көрсөтүштү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1014
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×