Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Жубайлар: «Үлгүлүү үй-бүлө» наамына ээ болгон тоңдук жубайлар бактылуулуктун сыры менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы жубайлар — 80 жаштагы Жакыпбек Бейшебаев менен 77 жаштагы Бүбүйна Бейшебаева өкмөттүн «Үлгүлүү үй-бүлө» наамына ээ болушкан. Аймактык кабарчы жубайлар менен таанышты.

Өздөрүнүн айтымында, алардын бирге өмүр сүргөнүнө быйыл 58 жыл болду.

«Биз 1960-жылы баш кошконбуз. Үйлөнгөндөн кийин фамилиямды алмаштыргам, өзүмдүкү Лепесова эле. Мен Түп районунун Михайловка айылында туулгам. Жолдошум Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. Ал 22 жашында, мен 19 жашымда баш коштук. Кийин жолдошум 8 жыл М.Горький атындагы мектебинде, 4 жыл кечки жаштар мектебинде иштеп, райондо инспектор болуп да эмгектенчү. Кийин 32 жыл Бөкөнбаев айылындагы №81 гимназияда иштеп, 2003-жылы пенсияга чыккан. Мектептерде методикалык иштер боюнча текшерүү ишин жүргүзчү.

Мен бала бакчада 22 жыл иштеп, пенсияга чыккам. Анда бала төрөгөндөн кийин 56 күн декретте болуп, бат эле жумушка чыкчубуз. Жолдошум 35 жашынан баштап сыныктарды калыбына келтирип, элдик табып болуп да иштейт. Адамдардын сынган колу-бутун оңдойт, чыгып кетсе ордуна салат. Атасы Бейшебай ошондой киши болгон экен, көзү өтүп кеткен соң аны издеп көп адамдар келишти. Ошентип атасынын ишин улантып кетти. Учурда аны Ысык-Көлдүн эли жакшы билишет», - деди Б.Бейшебаева.

Ал жолдошу экөө өкмөт тарабынан «Үлгүлүү үй-бүлө» наамына ээ болушкан.

«Мен орус мектепти бүткөм. Нукура кыргыз сөздөрдү жакшы түшүнө алчу эмес элем. Көп сөздүн маанисин кайненемден билдим. Жаш кезде самоорго чай кайнатып, мешке нан жаап, чоң казандарга камыр жууручубуз. Ошол убакта жолдошум экөөбүз тең иштеп, балдарды тарбиялап, эл ичинде кадыр-баркка ээ болдук. Чарбачылыгыбыз да мыкты болгондуктан бизге өкмөт тарабынан «Үлгүлүү үй-бүлө» наамы берилип, үйдүн сыртына атайын жазуу илинген. Ал убакта мындай наамдар оңой менен берилчү эмес эле.

Мен бала бакчада, жолдошум билим берүү тармагында талыкпай иштедик. Жашообузда болгон көптөгөн кыйынчылыктарды жолдошум экөөбүз бирге жеңдик. Турмушта кыйынчылык менен кубаныч, жамандык менен жакшылык дайыма бирге жүрөт экен. Эң негизгиси ошолорго туруштук берип, талыкпай эмгектенген адам баарын жеңет. Азыр үйдө небере-чөбөрөлүбүздүн сый-урматын көрүп жашап жаткан учурубуз», - деди ал.

Жубайлардын 6 уулу, 6 кызы, 27 небереси жана 4 чөбөрөсү бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5028
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×