Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Өкмөттүн өкүлү У.Жылкыбаев акимге «Боконбаево» деген жазууну кыргызчалоону тапшырды

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Тоң районундагы Бөкөнбаев айылына кире бериштеги «Боконбаево» деген жазууну кыргызча жазууну акимге тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 6-февралда Бөкөнбаев айылында өткөн жыйында облус жетекчи социалдык тармактарда бул жазуу катуу талкууга алынганын айтты.

«Бөкөнбаево деген жазууну кыргызча Бөкөнбаев деп өзгөртүп жазуу керек. Бул ишти Нооруз майрамына чейин бүтүрсөңүздөр», - деди ал.

Мындан тышкары жыйында айыл тургундар кадр маселесин козгоп, акчалуулар гана чоң кызматта отурганын, карапайым элдин жана билимдүүлөрдүн мүмкүнчүлүгү аз болуп жатканын айтышты. У.Жылкыбаев аким Т.Ажиевди премьер-министрге өзү сунуштаганын айтып, анын себебин ал кишинин жөндөмдүүлүгү жана буга чейин өз жумушуна так иштеп жүргөнү менен түшүндүрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1158
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×