Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө жол кырсыктан 7 адам жабыркады (тизме)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол транспорт кырсыгынан 7 адам жабыр тартты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Болжолдуу маалыматка караганда, жол кырсык 5-февралда саат 22:00 чамасында Сары-Камыш айылынын аймагында болгон.

Балыкчы шаарынын ооруканасына 7 адам жеткирилген.

Алар:

- 1993-жылы туулган Ш.М., Чолпон-Ата шаарынын тургуну, мээси чайкалып, башынан жараат алган;

- 1977-жылы туулган А.Н., Кемин шаарынын тургуну, баш мээси чайкалган;

- 1997-жылы туулган Д.А., Балыкчы шаарынын тургуну, баш мээси чайкалган;

- 2009-жылы туулган С.А., Чолпон-Ата шаарынын тургуну, мээси чайкалган;

- 1989-жылы туулган К.Э., Чолпон-Ата шаарынын тургуну, көкүрөгүнөн жараат алган;

- 2000-жылы туулган Э.С., Чолпон-Ата шаарынын тургуну, көкүрөгү жабыркаган;

- 2003-жылы туулган П.Н., Чолпон-Ата шаарынын тургуну, көкүрөгү жабыркаган.

Бардык жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлгөн, аталган факт боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 965
Көп окулду
×