Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Аким шайлоо убагында эле келет, айыл такыр каралбай калды, - алыскы Көл-Төр айылынын эли (фото, видео)

Turmush -  Тоң районунун алыскы Көл-Төр айылында сугат суу маселеси 27 жылдан бери чечилбей келет. Бул ирет жергиликтүү тургундар өкмөт башчы Сапар Исаковго кайрылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылдагы 231 түтүндө миңге жакын тургун жашайт. Айылда миң гектарга чейин жер болсо, анын 600дөн ашуун гектары айдоо аянты болуп эсептелинет.

Район борборунан 35 чакырым алыстыктагы айылда тургундар мал багуу менен тиричилик улантып келишет. Ал эми сугат сууну коңшу Коңур-Өлөң айылынан 13 чакырым алыстагы жерден алышат.

«Канал болбогондуктан суу тийиштүү деңгээлде айдоо аянттарына жетпей, жерге кеткен чыгым акталбай, чөп да өспөй калган. Тоютту сатып алууга аргасыз болуп жатабыз. Айылда жумуш орундары болбогондуктан жаштардын басымдуу бөлүгү эмгек мигранттары болуп кетишкен. Айрымдары үйлөрүн таштап, көчүп кетишти», - дешет жергиликтүү тургундар.

Айыл тургуну Жанарбек Өмүракуновдун айтымында, алар бул маселе боюнча кайрылбаган тарап калган жок. Эми алар лоток коюп берүү өтүнүчү менен жогору бийликке кайрылууга аргасыз болушууда.

«Жергиликтүү кеңеште биздин айылдан депутат жок болгондуктан жолдор оңдолбой, айыл каралбай, такыр көңүл сыртында калды. Айыл аймак башчы жана аким шайлоо маалында гана келишет», - дешет жергиликтүү тургундар.

Жергиликтүүлөр өкмөт башчыга кат жолдоп, көйгөйлүү маселени чечип берүүнү өтүнүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 659
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×