Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 05.02.2018 13:48 Жаңыланды: 05.02.2018 18:18

Айыл турмушу: Көк бөрү жигиттерди эрктүүлүккө тарбиялайт, - ысык-көлдүк 17 жаштагы Эрнист (фото)

Turmush -  Тоң районунун Калкагар айылынын 17 жаштагы тургуну Эрнист Урматбеков көк бөрү ойноп, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 7-классынан бери көк бөрү оюнуна катышып келет.

«Мен көк бөрүнү 4 жылдан бери ойноп келем. Былтыр жазында Тоң районунун курама командасына кошулгам. Кичинемден ат чаап келгендиктен бул оюнда кыйынчылык жаралган жок. Өзүм дагы атка жакынмын. Байкемдер улак тартыш ойночу. Мен 7-класста окуп жүргөндө алардын мелдешине күбө болуп калдым. Ошондо биринчи жолу кызыгып, ойноп кеттим. Учурда «Жоошбай» командасында ойнойм. Көк бөрү өтө кызыктуу оюн, негизгиси ат жакшы болушу керек. Көк бөрү оюну жигиттерди эрктүүлүккө жана чечкиндүүлүккө тарбиялайт», - деди Э.Урматбеков.

Ал көк бөрү ойноп, көптөгөн ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.

«2017-жылы Болот Мамбетовдун 110 жылдыгында 1-орунга ээ болуп, 15 миң сом, Алыбек баатырдын 230 жылдыгында 1-орунга ээ болуп, 20 миң сом сыйлык алгам. Кудайменденин 300 жылдыгында бир унаа уттук, Бекболот Исакбеков атындагы тай казандын ачылышында 1-орунду багындырып, бир тай, Кытайбай атанын 80 жылдыгында 1-орунду ээлеп, бир кой утуп алганбыз. Ушул оюнда «Эң мыкты коргоочу» наамын алгам.

Бош убактымда волейбол ойнойм, чуркайм жана спорт менен машыгам. Тоң районунун волейбол боюнча курама командасында ойнойм. Мектепте алгебра, тарых, дене тарбия сабактарын жактырам. Келечекте көптөгөн ийгиликтерге жетишип, Кыргызстандын эң алдыңкы командаларына кошулсам дейм», - деди жаш көк бөрүчү.

Ал учурда Н.Садыков атындагы мектебинде 11-класста окуйт. Үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×