Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 05.02.2018 12:49

Тоңдо акимдин кубогу үчүн кызматкерлер арасында волейбол боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында райондун мекеме-ишканаларынын кызматкерлери арасында акимдин кубогу үчүн волейбол боюнча биринчилик болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Бул мелдешке жалпы 9 команда катышты. Алар 2 тайпага бөлүнүп, оюн жүргүзүштү. Анда «А» тайпасынан билим берүү бөлүмү менен мамлекеттик каттоо кызматынын командасы, ал эми «В» тайпасында райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебин жана өрт коопсуздук кызматынын командасы беттешти.

Жыйынтыгында 1-орунду мамлекеттик каттоо кызматынын командасы, 2-орунду билим берүү бөлүмү, 3-орунду балдар өспүрүмдөр спорт мектеби жана 4-орунду өрт коопсузук кызматынын командалары элешти.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын диплому, акчалай сыйлыктары жана 1-орунду алган командага акимдин кубогу тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×