Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Ысык-Көл

Тоңдук 87 жаштагы аксакал айылдашы ур-токмокко алганын айтып, арызы каралбаганына нааразы (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 87 жаштагы тургуну Зарлык Жумалиев айылдашынын ур-токмогуна кабылып, жазган арызы бир жарым жылдан бери каралбай жаткандыгына нааразы. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзүнүн айтымында, 2016-жылдын 1-октябрында аны коңшусу С.Ж. сабап, ден соолугуна залал келтирген. Бул боюнча ал арыз жазып, милицияга кайрылган.

«Мен 1931-жылы Тогуз-Булак айылында төрөлүп, азыркыга чейин ушул айылда жашап келем. 2016-жылдын 1-октябрында неберем Эсеңгелди уулу Темирлан мал тосуп турган жеринен С.Ж. аттуу бала сабап жатканын көрүп калдым. Ошол маалда мен малдарды айдап келе жаткам. Менин небереме асылганынан "аны эмнеге уруп жатасың?" деп айтсам кепке келбей, минип турган эшегимдин үстүнөн сүйрөп түшүп, жыйналып турган шагыл кумга көтөрүп чапты. Андан соң ичиме бир тепкенде эсимди жоготуп коюптурмун. Келиним Айгүл Токтоева менен балам Марсбек Жумалиев көчөгө чыккан учурда С.Жумаев мени таштай салып качып кеткен экен», - деди З.Жумалиев.

Ал эми анын уулу Марсбек Жумалиев окуяга күбө болгондугун белгиледи.

«Ошол күнү жубайым Айгүл экөөбүз короодо жүргөнбүз. Бир кезде кичүү балам чуркап келип "көчөдө чоң атамды бирөө сабап жатат" деп айтып калды. Эшикке дароо жубайым экөөбүз чуркап чыктык. Дарбазадан чуркап чыга калганда С.Ж. аттуу бала атамды кармап турган жеринен таштап, бизди көрүп качып жөнөдү. Кетип бара жатып болгон сөз менен сөгүп өттү. Ошондон бери атамдын ден соолугу начарлап калды. Алган жараатынан улам ооруканага да жатып чыкты», - деди М.Жумалиев.

Ошол күнү окуяга З.Жумалиевдин небереси Эсеңгелди уулу Темирлан да күбө болгон.

«Мен Эсеңгелди уулу Темирлан 1998-жылы төрөлгөм. Окуя болгон күнү эшикке чыгып мал тосуп турсам, С.Ж. мени сөгүп, "айылда эмне кылып жүрөсүң, айылга жолобогун, айылга басып да келбе, жогол бул жерден", деп уруп-соккулап кирген. Чоң атам мал айдап келе жаткан эле. Ал келип мага болушуп жатса, эшегинин үстүнөн алып түшүп, ичке тээп ийди. Атам жерге жатып калды. Кармап турган жеринен үйдөн байкем менен жеңем чыккан учурда таштай салып качып кетти.

Ал күнү чоң атамдын малын тосушканы эле келгем. Бул С.Ж. бизге өчөшүүдө. Себеби 2016-жылы февраль айында агам Эльбрус Жумалиевге адам өлтүрдү деген факты менен кылмыш иши козголгон. Ошол окуядан каза болгон адам С.Ж.дин иниси эле. Ал эми агамдын соту бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Ошол окуядан бери "силер өлтүрдүңөр", деп үйгө чейин кирип "айылга жашабагыла, бул үйдө турбагыла", деп ызы-чуу салган учурлары болгон. Адаттагы ызы-чуусун салганы келгенде чоң атама кезигип, ушул окуя болуп кетти», - деди Темирлан.

Ал эми З.Жумалиев өзүн уруп, ден соолугуна залал келтирген С.Ж.нын үстүнөн Тоң райондук милицияга арыз жазган. Экспертизанын жыйынтыгында денеси ур-токмокко алынгандыгы аныкталган. Окуя бир жылдан ашса да каралбай жаткандыгына нааразы болушууда.

Бул иш боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубалиев кылмыш иши козголгондугун билдирди.

«Бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмү («Ээнбаштык») менен кылмыш иши козголгон. Комиссиялык соттук медициналык экспертизасынын чечими бүгүн келди. Кылмыш жандандырылып прокуратурага кароого берилет. Февраль айынын аягына чейин соттун кароосуна жиберилет», - деди С.Усубалиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3922
Көп окулду
×