Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук Б.Желдекеев үй-бүлөсү менен кышында көлдүн жээгинде эс алышат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кара-Талаа айылынын тургуну Бекмырза Желдекеев кышында суукка карабай үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдүн жээгине барып, чана тээп эс алышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзүнүн айтымында, алар көлдүн жээгинде бир гана жайында эмес, кышында да келип эс алышат.

«Көпчүлүк адамдарда Ысык-Көлдө жайкысын гана эс алат деген түшүнүк калыптанып калган. Биз жайкысын гана эмес, кышкысын да келип эс алганды адатка айлантып алганбыз. Катуу суукка карабай үй-бүлөбүз, туугандарыбыз менен көл жээгине келип, коньки жана чана тээп эс алабыз. Быйыл дагы ызгардуу суукка карабай үй-бүлөбүз менен эс алып жүрөбүз», - деди Бекмырза Желдекеев.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдагандай, быйыл Ысык-Көл көлүнүн Тоң районунун Кара-Талаа айылы менен Шор-Булак айылындагы жээги 30-50 метрге чейин тоңгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2765
Көп окулду
×