Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Тоңдун Улахол айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы жана инспектору шайланды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Улахол айыл аймагында элдик жыйналыш болуп, анда жайыт комитетинин жаңы төрагасы шайланды. Бул тууралуу Улахол айылдык кеңештин төрагасы Тынчтыкбек Ашымов билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдан баштап жайыт комитетин каржылоо айыл өкмөттүн бюджетине киргизүү каралгандыктан туруктуу төрага шайланышы зарыл болчу. Ошондуктан айыл эли менен бирге жыйын өткөрүлдү.

«Жыйынтыгында Шор-Булак айылынын тургуну Абай Ашымбеков Улахол айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы болуп шайланды. Ал эми, Кара-Талаа айылынын тургуну Таалай Абыканов жайыт комитетинин инспектору болуп шайланды», - деди Т.Ашымов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 443
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×