Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 30.01.2018 14:29

Айыл турмушу: Тоңдук Д.Тыналиеванын окуучулары республикалык сынактарда 1-орунду алышат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Туура-Суу 2 айылынын 48 жаштагы тургуну Динара Тыналиева мектепте мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Нарын облусунун мурунку Тянь-Шань районунун Миң-Булак айылында туулуп өскөн. Кийин Тоңдун Туура-Суу айылына турмушка чыккан.

«Мен Миң-Булак орто мектебин аяктаган соң, 1984-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайга тапшырып, 1988-жылы аяктадым. Андан кийин И.Арабаев атындагы педагогикалык институтту бүттүм. Башында башталгыч класстардын мугалими болум эмгектендим. Азыр айылдагы мектепте орус тили, адеп, музыка сабактарынан сабак берем. Жалпы 29 жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келе жатам. Учурда Сагынтай атындагы орто мектептин директорумун. Мектепте иштеп баштагандан бери бир да жолу мектепке кечигип барган күнүм болгон эмес. Ишке жоопкерчилик менен мамиле кылганды жактырам. Мектепте классым менен “партизан бала" деген сценка коюп, көрүүчүлөр бүт ыйлаганы эсимде.

Мектепте күлкүлүү окуялар көп болот. Мен 1995-жылкы балдарды окутуп калдым. Анда алар 1-класс болчу. Сабакка баратканда жолугумду чечип барчумун. Классымда менин өзүмдүн балам да окучу. Үйдө дайыма жолук кийип жүргөнүмдү көргөн уулум бир ирет "апа, жолугуңуз үйдө калып калыптырбы?” деп шыбырады. Мен абдан күлкүм келген эле. Ал жолугум жок экенин көрүп, мага эскертип жатканына таң бердим», - деди ал.

Ал өзүнүн окуучулары республикалык деңгээлде өткөн сынактарда ийгилик жаратып келгендигин кошумчалады.

«Мен окуткан окуучулар республикалык деңгээлде ийгиликтерди жаратууда. Алия Темирбекова "Адеп адамдын көркү" республикалык сынагында 3-орунду, көркөм окуу боюнча 2-орунду, "30 күн, 30 түн Манас айтуу" сынагында 1-орунду жеңген. Өзүм айылдык, райондук, облустук ардак грамоталар менен сыйлангам. Ошондой эле, "Билим берүүнүн отличниги" наамына ээ болуп, район боюнча "Жылдын мыкты директору" аталдым. Келечекте уядан учурган балдар-кыздарыбыз жакшы инсан болуп чыгышына себепкер болсом дейм», - дейт ал.

Д.Тыналиева үч уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×