Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 27.01.2018 13:16

Эгиздер: Сабира менен Ракыя Сейдакматоваларды жатаканада иштегендер бир эле кыз деп ойлошчу (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кара-Талаа айылында төрөлүп өскөн 30 жаштагы эгиздер Сабира менен Ракыя Сейдакматовалар жатаканада жашап жүргөндө аларды бир эле кыз деп ойлошчу. Аймактык кабарчы эгиздердин бири Ракыя Сейдакматовадан кабар алды.

Анын айтымында, эгизи экөө тең үй-бүлө куруп, эне болушкан.

«Биз Б.Алканов атындагы орто мектебин аяктаган соң, Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде билим алдык. Сабира информатика, мен башкаруучу (менеджер) адистиги боюнча окудум. Мектепте окуп жүргөндө бизди ата-энебиз, туугандарыбыз, мугалимдерибиз айырмалай алышчу. Ал эми, Бишкек шаарына келгенде алгач бизди айырмалай алышпагандар көп болду. Студент кезибизде жатаканада жашачубуз. Ал жерде иштеген эжелер жана студенттер бизди бир эле кыз деп ойлошчу экен. Андан кийин экөөбүздүн чогуу жүргөнүбүздү көрүп, эгиз экенибизди билишкенде абдан таң калышкан. Экөөбүз бири-бирибизден алыста болгондо абалыбызды сезебиз. Ал тургай түшүбүздө да көрөбүз. Учурда биз үй-бүлөлүбүз. Менин 1 кызым, Сабиранын 2 уулу бар», - деди ал.

Р.Сейдакматова эгизи экөөнүн мүнөзү ар башка экенин белгиледи.«Сабира ачык-айрым, шайыр жүрөт. Менин мүнөзүм жоош, көп сүйлөбөйм. Келечекте ата-энебиздин эмгегин актап, жетим балдарга, жакыр үй-бүлөлөргө жардам берсек деген аруу тилегибиз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×