Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Тоңдун Төрт-Күл айыл аймагынын башчысы болуп У.Байсеркеев шайланды (фото)

Turmush -  Урматбек Байсеркеев Тоң районунун Төрт-Күл айыл аймагынын башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Доктурбек Урмамбетов аймактык кабарчыга билдирди.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-2Il9WYG1S2

Анын айтымында, Төрт-Күл айылдык кеңешинде 21 депутат бар. Шайлоого 19 депутат катышып, анын ичинен 16 депутат Урмат Байсеркеевге добуш берген. Калган үчөө Тилек Бектуровду колдошту.

«Жаңы башчы мыйзамдуу шайланды. Шайлоо тынч өттү», - деди ал.

Байсеркеев Урматбек Жакшылыкович 1986-жылы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Мектепти 2002-жылы артыкчылык аттестаты менен бүтүргөн.

Билими:

- 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин артыкчык диплому менен аяктаган;

- 2017-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

2007-жылдан баштап «Аткаруучу» жоопкерчилиги чектелген коомдо бухгалтер болуп эмгектенген. Андан кийин «Калпак» дыйкан чарбасын азыркы күнгө чейин жетектеп келет.

Үй-бүлөлүү эки кыз, бир уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1409
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×