Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Ысык-Көл

Жаш талант: Волейболчу жана баскетболчу С.Бактыбеков манжаларынын чыкканына карабай спорт менен машыгат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын 16 жаштагы тургуну Сыймык Бактыбеков спорттун бир нече түрү менен машыгат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 3-классында залга барып, волейбол, теннис, баскетбол ойноп баштаган.

«Мен айылдагы К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 9-классында окуйм. Спорттун түрлөрүнөн волейбол, теннис, баскетбол оюндарын ойнойм. 2-классымда кошуна байке “топ ойноп көрбөйсүңбү” деп калды. Ойноп көрсөм чындыгында шыгым бар экен. Ошол бойдон спортко кызыгып кеттим. 3-классымда залга барып ойноп баштадым. Азыркы учурда машыктыруучум Эрнист Акынов үйрөтүп келет.

Алгачкы жолу эл аралык турнирден "Эң мыкты коргоочу" наамына ээ болгом. Ошондой эле 16 медаль, 2 кубок, 27 дипломдун ээси болдум. Оюн учурунда ар кандай кызыктуу окуялар болот. Жаңы ойноп баштаганда эрежени билбей, топту көрүнгөн жерге чаап, эскертүүлөрдү көп алдым. Бара-бара тажрыйба топтоп, үйрөнүп кеттим», - деди ал.

Жаш спортчу оюн учурунда манжаларын чыгарып алса да, мелдеш талаасынан чыкпай ойногон учурлар болгон.

«Бир жолу машыгуу учурунда топту тосо калам деп тайып кетип, жерге катуу кулагам. Дагы бир жолкусунда топко колум жетпей калып, бутум менен тоском. Спортто жаракат алган учурлар болот, көбүнчө манжаларың чыгып кетет. Ошого дагы карабай ойной бересиң. Келечекте Кыргызстанды спорт менен дүйнөгө таанытсам дейм. Спорт мен үчүн абдан маанилүү, жашоомдун бир бөлүгү десем жаңылышпайм», - деди ал.

Сыймык үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1510
Көп окулду
×