Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 24.01.2018 17:32

Айыл турмушу: Тоңдук 20 жаштагы Султан ЖАМКта иштеп, сержант чинин алууга жетишти (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 20 жаштагы тургуну Султан Тынычбеков аскер институтун аяктап, учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында иштеп жатат. Аймактык кабарчы жоокер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурдагы аскердик чини — сержант.

«2015-жылы СССРдин баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтуна бардым. 1 жыл 3 ай 1-взоддун биринчи бөлүгүндө кызмат өтөдүм. Өз кызматымды жана милдетимди так жана туура аткарганым үчүн 2017-жылы февраль айында кенже сержант деген аскердик наам берилген. Кийин сержант болууга жетиштим. 2016-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракесине карата «Ала-Тоо» аянтында болгон парадга катышкам. Ага 1 ай даярдык көрдүк. 1 ай бою күндүн ысыгына карабай машыктык. Айрым учурда бир тамчы сууга зар болгонбуз (күлүп). Мекенге кызмат кылуу мен үчүн милдет», - деди ал.

Сержант үй-бүлөдө 5 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×