Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Тоңдун Кара-Коо айылында 50 аялды жумуш менен камсыз кылган цех ачылды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кара-Коо айылында 50 аялдан турган 9 жамаатты жумуш менен камсыз кылган цех ачылды. Бул тууралуу Ак-Терек айыл аймагынын башчысы Азамат Боталаев билдирди.

Анын айтымында, жумушчулардын саны көбөйүүсү күтүлүүдө.

«Биздин тургундар Япония мамлекети менен 2013-жылдан бери кызматташып келет. Ушуга чейин цехтин жоктугуна байланыштуу үйлөрдө аялдар чогулуп, кийизден буюмдарды жасашчу. Эми шарт түзүлүп, ишкерлердин алдыга жылышына өбөлгө түзүлдү. Учурда 9 жааматтан турган 50 аял иш алып барууда. Бул дагы чек эмес, алардын саны көбөйүүсү күтүлүүдө. Айлык маянасы орточо эсеп менен 10 миң сомдон 18 миң сомго чейин», - деди А.Боталаев.

Цехтин ачылышына облустук бийликтен туризм боюнча адис, Тоңдун акими жана айыл тургундары катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4038
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×