Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Тоңдогу эки айыл өкмөттүн башчысы эскертүү алды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында өткөн коллегиялык кеңешмеде эки айыл өкмөт башчыга эскертүү берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Кеңешмеде бир нече маселелер каралды. Тоң районунун 2017-жылдагы социалдык, экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана Тоң районунун айыл аймактарында аткарылган иштер талкууланды.

Анын жүрүшүндө Ак-Терек айыл аймагынын башчысына тургундардан көбүрөөк арыз түшкөндүгүнө жана катчысы иш кагаздарын так аткарбагандыгы үчүн эскертүү берилди. Анын айыл аймак башчылыгына татыктуулугун кайра карап чыгуу маселеси депутаттарга коюлду. Ал эми Улахол айыл аймагынын башчысынын катчысына иш кагаздарын так аткарбагандыгы үчүн эскертүү берилип, катчынын ээлеген ордунун татыктуулугун карап чыгууга айыл аймак башчысына тапшырма берилди.

Тоң району боюнча жалпы 9 айыл аймак бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1253
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×