Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 22.01.2018 16:42

Жезде: Тоңдук 25 жаштагы Малик кайын журтуна кышында барып тоңуп калганын унутпайт (фото)

Turmush -  Тоң районунун Туура-Суу айылынын 25 жаштагы тургуну Адис уулу Малик келинчеги Нарындагы Ак-Муз айылынын 22 жаштагы тургуну Рахатбек кызы Майрамга үйлөнгөн. Учурда Малик мал чарбасы менен алектенсе, келинчеги мектепте мугалим болуп иштөөдө.

Маликтин айтымында, ал үйлөнгөндөн кийин кайын журтуна барып, бир топ кызыктуу окуяларга туш болгон.

«Жубайым экөөбүз шаарда окуп жүргөндө таанышып калдык. Бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, кийин үйлөнгөнбүз. Мен үйдүн кичүүсү болгондуктан айылда калчу бала элем. Алгач Майрамды апам, жеңемдер менен тааныштыргам. Алар келинчегимди жактырышты. Кыргыздын каада-салты менен сөйкө салып, ата-энесинин колунан ак батасын алып, баш коштук. Үйлөнгөндөн кийин кайын журтка баруу керек эле. Биздин айылга кар жаабайт. Нарынга болсо кар калың жаайт жана суук болот экен. Барганда суук болуп, көнбөй кыйнала берчүмүн. Кыш мезгилинде баргым келчү эмес. Бир жолу барып тоңуп калгам, ошондон кийин баргым келбейт. Жай мезгилинде бат-баттан барып турабыз.

Кайнатам мени жакшы көргөн күйөө балам деп эркелетип турат. Ар дайым мени менен кеңешет. Тааныш жана туугандарга «менин оң колум» деп айтып турат. Бир жолу конокко чакырып калышып, кайра барып калдык. Эт бышканда устукан тартып жатып, күйөө балага деп койдун башын тартышкан. Башты алганда анын жарымын туурап, шорпо менен конокторго берип, калганын өзүм жешим керек эле. Мен дароо өзүм жеп кириптирмин. Маңдайымды карасам баары мени карап калыптыр. Кайын энем акырын түшүндүргөнү эсимде», - дейт ал.

Келечекте көп балалуу болуп, аларга татыктуу тарбия берүүнү каалайт. Учурда алар 1 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×