Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 22.01.2018 14:13

Тоңдун Төрт-Күл айыл аймагынын башчысы жумуштан кетүүсүнүн себебин түшүндүрдү

Turmush -  Тоң районунун Төрт-Күл айыл аймагынын башчысы Руслан Абылов өз каалоосу менен арыз жазып жумуштан кеткендигинин себебин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына түшүндүрдү. Анын айтымында, ал аталган кызматка 2017-жылы март айында шайланган.

«Бир жыл иштеп, бардык пландар ашыгы менен аткарылган. Мисалы план боюнча 2 млн сомдон ашык салык чогултуу болсо, 4 млн сомдон ашык салык чогулттук. Мен келгенде Суу пайдалануучулар ассоциациясы мамлекетке карыз болгондуктан биздин эсеп жабылып калып, июнь айында ачылган. Ошол карызды 5,6 айда төлөп бүтүрдүк. Мага депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөтөбүз деди.

Бизде көмүр боюнча тендер өткөрүлгөн. Келишим боюнча каражаттын 30 пайызын которуп бергенбиз. Ал фирма бизге көмүр түшүрбөй, ошондон улам маселе жаралды. Биз Финансы министрлигине чейин арыз жазып, Финансы полициясына чейин кайрылдык. Шартка байланыштуу түз келишим менен көмүр түшүрдүк. Мектеп, бала бакчаларда жылуулук орду менен берилген. Ошондой болсо дагы алар мага ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин алар менен кийин иштөө кыйын болгондуктан, өз каалоом менен кызматымдан кеттим», - дейт айыл аймактын мурунку башчысы.

Мындан сырткары, Төрт-Күл айылдык кеңештин төрагасы Бакыт Зарлыков дагы пикирин билдирди.

«Биз айыл аймак башчысы менен бирге иштедик. Бул жерде эң биринчи маселе көмүр боюнча болду. Кемчилик кетиргенин өзү мойнуна алды. Тендердик комиссияга атайын адистердин жана айылдык депутаттарды дагы кошкон эмес. Өздөрү өткөрүп, тендер утуп алган кишинин өзүн көрбөй туруп, кол коюп салган. Жыйынтыгында ызы-чуу болду. Экинчиси, план боюнча бюджетке 2 млн сомдон ашык каражат чогултулушу керек болчу. Жылдын аягында 4 млн сомдон ашык салык чогулду. Биз бухгалтериянын ишине кийлигишкенге укугубуз жок. Биз жылына эки жолу бюджетке өзгөртүү киргизе алабыз. Айыл өкмөт пландан ашкан каражатты пайдалануу сунушун бизге алып келиши керек болчу. Ошондуктан жыл аягында 2 млн сомдон ашык каражат иштетилбей артып калып жатат», - деди Бакыт Зарлыков.

Төрт-Күл айыл аймагынын башчысын шайлоо 26-январда болот. Ага эки талапкер ат салышууда. Биринчиси — Төрт-Күл айыл аймагынын тургуну Тилек Бектуров жана Бөкөнбаев айылынын тургуну — Урматбек Байсеркеев. Бул айылда акыркы 5 жылдын ичинде төртүнчү айыл өкмөт башчы шайланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×