Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 19.01.2018 12:58

Тоңдуктар операцияга муктаж айылдашына жардам берүү максатында марафон уюштурушту (фото)

Turmush -  Тоң районунда боор оорусу менен жабыркап, операцияга муктаж болуп жаткан 55 жаштагы Ж.Асаналиевага жардам берүү максатында марафон уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ж.Асаналиева Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу Бөкөнбаев айылында 1962-жылы туулган. Көп жылдан бери боор оорусу менен оруп, дарыланып келет.

«Боорун алмаштыруу боюнча Индия мамлекетинен келген дарыгерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ага жалпысынан 50 миң доллар талап кылынууда. Көп түкүрсө көл болот дегендей, Бөкөнбаев айылында Тоң районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, ага айыл аймак башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мекемелердин жетекчилери колдоо көрсөтүштү», - деп билдиришти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×