Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Ысык-Көл

Тоңдун аскер комиссариат альтернативдик кызмат өтөөнүн жаңы эрежелерин түшүндүрдү (фото)

Turmush -  Ушул жылдын жазгы аскерге чакыруусунан баштап ден соолугунун абалына же соттолгондугуна байланыштуу альтернативдик кызмат өтөө токтоду. 2018-жылга карата чыккан жаңы токтом боюнча Тоң районунун аскер комиссариаты маалымдады.

Тоң районунун аскер комиссариатынын кызматкери, прапорщик Тынчтыкбек Мырзалиевдин маалыматына караганда, жаңы токтомго ылайык 18 жаштан 25 жашка чейин мурда аскер кызматын өтөбөсө же ден соолуугуна байланыштуу альтернативдик аскер кызматын өтөгөн жарандар аскер комиссиратына арыз жазып, 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын төлөп, 1 ай Балыкчы шаарында аскер кызматын өтөй алышат. Мындан кийин алар 1-категориядагы аскер билетин алышат, башкача айтканда мамлекеттик жумуштарда же күч органдарында иштей алышат.

«2018-жылдын жазгы аскерге чакыруусунан баштап ден соолугунун абалына же соттолгондугуна байланыштуу альтернативдик кызматтар токтоду. Альтернативдик кызматты бир гана үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жарандар гана өтөй алат. Алар 18 миң сом өлчөмүндөгү каражат төлөп, 18 айдан кийин, 3 күндүк жыйынга катышкан соң аскердик ант берип, 1-категориядагы аскер күбөлүгүн алышат. Ал эми диний жактан курал кармоого мүмкүн эмес жарандар же аскерге чакырлып, бирок чакырылган жарандар жетиштүү болуп, толуп калган учурда алар кайрадан альтернативдик кызматка чакырылып, 25 миң өлчөмдөгү акча каражат төлөп, 108 саат коомдук жумушка тартылат. Андан соң аскердик күбөлүк алышат. Ал эми 25-40 жашка чейинки жарандарга аскер комиссариатына арыз жазып, ден соолугу чың деп аныкталгандан кийин 25 миң сом өлчөмүндөгү каражат төлөп, 2-категориядагы аскердик күбөлүк алышат», - деп билдиришти Тоң райондук аскер комиссариатынан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1608
Көп окулду
×