Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 19.01.2018 10:09 На русском

Боом капчыгайында өрттөнгөн унаа курулуш каражаттарын жүктөп бара жаткан (фото, видео)

Turmush -  Бишкектен Бостериге курулуш каражаттарын жүктөп бара жаткан унаа Боом капчыгайына жеткенде өрттөндү. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 1969-жылы туулган айдоочу Сокулук районунун Комсомол айылынын тургуну болгон. Ал фирманын унаасын айдап жүргөн.

Айдоочунун айтуусунда, автоунаа жүрүп бара жатканда түтүн чыгып жатканын көргөн. Дароо унааны токтоткондо кабинанын арты күйүп баштаган. Кабина аз убакыттын ичинде күйүп, айдоочу жеңил жаракат алды.

IMG-20180118-WA0046
ӨКМдин билдирүүсү боюнча, «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Бишкек—Балыкчы унаа жолунун 145-чакырымында өрттөнгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×