Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Жубайлар: Тоңдук Туйбаскан апа жаңы келин болуп келгенде көшөгөдө айткан сөздөрүн эч унутпайт (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 60 жаштагы тургуну Туйбаскан Курманалиева 63 жаштагы жолдошу Жылкыбай Жунушов менен бирге түтүн булатып жашагандарына быйыл 39 жыл болду. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Т.Курманалиеванын айтымында, алардын таанышып калышына классташы себеп болгон.

«Мен Тоң районунун Ак-Өлөң айылында төрөлүп, чоңойдум. Мектепти бүткөндөн кийин Фрунзе кооператив техникумунда окудум. Ал жакты бүтүп келген соң Балыкчы шаарында иштеп калдым. Ошентип 1979-жылы турмушка чыктым. Менин классташым менен жолдошум чогуу иштечү экен. Ошол бизди жолуктурду. Жолдошум мени бир көрүп эле жакшы көрүп калган экен. Баш кошуп алалы деп бат эле сунуш киргизди. Жолдошум кесиби боюнча сүрөтчү болгону менен учурда атасынан калган устачылык өнөрү менен алектенет. Экөөбүз түтүн булатып жашаганыбызга быйыл 39 жыл болду», - дейт Т.Курманалиева.

Анын айтымында, ал жаңы келин болуп келгенде болгон окуя эч эсинен кетпейт.

«Бизде кайнага, кайнаталарды тергейт. Кайнилеримди азыркыга чейин уул деп тергейм. Жаңы келин болуп келгенде болгон окуяны эч унутпайм. Көшөгөнүн ичинде отургам, сыртында адамдар бар эле. Эт тартаар алдында колго суу куюлуп баштады. Кезек мага келип, суу куюп бүткөн балага рахматымды айтып, «өмүрлүү бол» десем көшөгөнүн сыртындагы адамдар бир саамга унчукпай калышты. Көрсө Өмүрбек деген кайнатамдын атын айтыптырмын. Ал учурда кайнатам өзү эт тартып жаткан экен. Ошондон кийин өмүр деген сөздү айтпай калгам», - дейт ал.

Ошондой эле, ал кыялындагы адамга турмушка чыкканын белгиледи.

«Бала кезимде комуз чертүүгө кызыгып, бирок үйрөнө албай койгом. Жолдошум комуз черткен адам болсо деп кыялдангам. Ошентип кыялымдагы адамга турмушка чыктым. Эми жолдошум экөөбүз уул-кыздарыбыздын сыйын көрүп, бактылуу карылыкты өткөрсөк дейм», - деди Туйбаскан апа.

Жубайлар 5 кыз, 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2378
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×