Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ысык-Көл

Тоңдо мыйзамсыз аңчылык кылган адам кармалып, мылтыгы алынды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда номуру өчүрүлгөн ок атуучу курал менен мыйзамсыз аңчылык кылган адам кармалды.

Мамэкотехинспекциянын Балыкчы, Чолпон-Ата шаарлары жана Тоң, Ысык-Көл райондору боюнча башкармалыгынын тескөөчүлөрү жүргүзгөн рейдде Көк-Мойнок айылында Кемин районунун тургуну Э.М. 16-калибрдеги мылтык менен кармалды.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, кармалган адам ок атуучу куралдын номурун өчүрүп, мыйзамсыз аңчылык менен алектенип жүргөн. Мылтык конфискацияланып жана Э.М.га административдик айып салынды. Тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 678
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×